Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

18-мартта өлкө боюнча ишембилик өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында 18-мартта өлкөнүн жогорку жетекчилигинин катышуусу менен республика боюнча ишембилик өтөт. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы кабарлады.

Ишембиликке бардык аймактарда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери катышат.

Өлкөдө жаз алды республикалык ишембилик өткөрүү салтка айлынган. Ага президент баш болгон мамлекет жетекчилери дагы катышат.

Анын алкагында көчөлөрдү жана короолорду тазалоо, мамлекеттик мекемелердин, турак жайлардын тышкы көрүнүшүн жана айланасын оңдоо, түнкү чырактарды калыбына келтирүү жана орнотуу, айыл-кыштактарга жана шаарларга бак-дарак тигип, гүл отургузуу, муниципалдык жолдорду оңдоо иштери жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG