Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Маданият министрлиги облустук 12 гезитти жоюуну сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бир нече облустук гезиттерди жоюуну сунуштоодо. Буга байланыштуу Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоорго ылайык төмөнкү редакцияларды жоюу каралган:

  • Баткен облустук "Баткен таңы" гезитинин редакциясы,
  • Жалал-Абад облустук "Акыйкат" жана "Жалал-Абад Тонги" гезитинин редакциясы,
  • Ысык-Көл облустук "Ысык-Көл кабарлары" жана "Вести Иссык-Куля",
  • Нарын облустук "Теңир Тоо" гезитинин редакциясы,
  • Талас облустук "Талас байрагы" гезитинин редакциясы,
  • Чүй облустук "Чүй баяны" жана "Чуйские известия" редакциялары,
  • Ош облусунун "Ош жаңырыгы", "Уш Садоси" жана "Эхо Оша" редакциялары.

Токтомдун долбоору министрликтин жумушун оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык облустук гезиттердин иштен бошогон кызматкерлерине жөлөкпул жана компенсация төлөө үчүн каражат бөлүү маселеси каралат.

Өкмөт 2019-жылы да бюджеттик чыгашаларды оптималдаштыруу максатында мамлекеттин карамагындагы жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) реформалоонун алгачкы этабы башталганын жарыялаган.

Анын алдында Маданият министрлиги гезиттер Интернет форматына өтөрүн билдирген. Облустук маалымат мекемелерине бөлүнүүчү мамлекеттик каражаттын өздөштүрүлүшүн оптималдаштыруу максатында ар бир облуска жаңы медиа-борборлорду ачып, алар телеберүү, радио, гезит, жаңылыктар веб-сайты, басма сөз борбору, медиа мектеп (окуу борбору) сыяктуу платформалардан турары белгиленген. Бирок райондук гезиттердин жетекчилери буга каршы болушкан.

Кыргызстанда бюджеттен каржылануучу 34 райондук, 12 облустук гезит жана алты облустук телеканал бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG