Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:04

Молдова полициясы орусиячыл күчтөр кутум уюштурууну көздөгөнүн билдирди


Молдова полициясы.
Молдова полициясы.

Молдованын полициясы жапырт башаламандык уюштурууну көздөп, атайын даярдыктан өткөн орусиячыл топ кармалганын билдирди.

12-марттагы расмий маалыматка ылайык, алар Кишиневдо өлкөнүн батышчыл өкмөтүнө каршы акцияларда башаламандык чыгарууну пландаган.

“Азаттык” радиосунун молдован кызматынын кабарлашынча, жекшемби күнү баш калаанын борборуна оппозициялык “Шор” партиясынын тарапкерлери чогулушту. Катышуучулар президент Майя Сандуга каршы чакырыктарды жасап, электр энергиясынын кымбатташына нааразылык билдиришти.

Уюштуруучулардын айтымында, активисттер кыш айлары үчүн төлөмдөргө каршы экенин айтып, Молдованын аймагында аскердик жаңжалдарды болтурбоону да талап кылышты.

Митинг башталгандан бир сааттай өткөндө демонстранттар менен полиция кагылышты. Күч органдарынын өкүлдөрү демонстранттардын өкмөт үйүнө барышына бөгөт койду.

"Азаттыктын" молдован кызматынын маалыматына караганда, акциянын 50дөн ашуун катышуучусу, анын ичинде тыюу салынган буюмдар менен 20дан ашуун өспүрүм кармалды. Полициянын башчысы Виорел Чернэуцяну митингчилердин арасында "диверсанттар" болгонун, айрымдары Орусиянын жарандары экенин билдирди. Полиция тополоңду уюштургандарга 10 миң доллардан убада кылынганын ырастоодо.

Бийлик ошондой эле жекшемби күнү Кишиневдо бомба тууралуу төрт маалымат түшкөнүн, анын баарын бир киши полицияга кабарлаганын маалымдады. Бийлик муну коомдук тартипти туруксуздаштыруу чарасы деп баалап жатат.

Молдова полициясынын билдирүүсүнө Москва азырынча комментарий берген жок.

Молдованын президенти Мая Санду өткөн айда Орусия өлкөдөгү бийликти алмаштырып, өкмөткө өз кишилерин алып келүүнү көздөп жатканын билдирген. Ал өлкөнү дестабилдештирүү планы Орусияда иштелип чыкканын, бул тууралуу украин атайын кызматтары маалымат бергенин айткан. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул билдирүүнү негизсиз жана далилсиз деп атаган.

XS
SM
MD
LG