Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:53

Why nations fail китеби кыргыз тилинде жарык көрдү


"Why nations fail" китеби жана анын кыргызча котормосу.
"Why nations fail" китеби жана анын кыргызча котормосу.

Америкалык белгилүү экономисттер Дарон Ажемоглу менен Жеймс А.Робинсондун “Why nations fail” китеби “Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?” деген аталыш менен кыргыз тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу “Бугупресс” басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидетегин кабарлады.

Китептин авторлору бул эмгегинде өлкөлөрдүн өнүгүп же өнүкпөй калышынын негизги себептерин мисалдар менен талдашат. Алар өлкөлөрдүн өнүкпөй калышы ал мамлекеттин географиялык жайгашуусуна, кен байлыктарына, менталитетине же ушул сыяктуу факторлорго байланыштуу деген ойду жокко чыгарып, мамлекеттик институттардын маанисин Түндүк жана Түштүк Корея, Ботсвана менен Зимбабве сыяктуу ондогон өлкөлөрдүн мисалында түшүндүрүп беришет.

Why Nations Fail: The Origins of Power, Prosperity, and Poverty (түз котормосу: “Эмнеге айрым мамлекеттер ийгиликсиз болуп калат: бийликтин, өнүгүүнүн жана жакырчылыктын келип чыгышы”) китеби англис тилинде 2012-жылы басылып чыккан. 2016-жылы орус тилине “Почему одни страны богатые, а другие бедные” деген аталыш менен которулган.

Китеп New York Times жана The Wall Street Journal басылмаларынын версиялары боюнча бестселлер деп табылган жана ондогон тилдерге которулган. Китепти кыргыз тилине түркология илимдеринин доктору Мирланбек Нурматов которгон. “Бугупресс” басма үйү автордук укугун алып, басып чыгарган.

Китептин бет ачары 14-март күнү, саат 10:00дө, Novotel мейманканасында өтөт. Ага авторлордун бири Жеймс А.Робинсон катышат. (NbA\ErN)

XS
SM
MD
LG