Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

Бишкекте жаңы салык эрежелерине каршы акция өтүүдө


Бишкек. 2023-жылдын 10-марты.
Бишкек. 2023-жылдын 10-марты.

Бишкектеги Максим Горький гүлбагында бүгүн 10-мартта өкмөттүн жаңы салык эрежелерине нааразылардын акциясы өтүп жатат. Жүздөгөн адам катышкан митингге чогулгандар өзүлөрүн Бишкектин ичиндеги жана чет жакасындагы майда дүкөндөрдө иштеген, Таластан, Ысык-Көлдөн келген соодагерлер деп тааныштырууда.

Алар бийликтен контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонууга беш жылга мораторий киргизүүнү, салык эрежелерин жеңилдетүүнү талап кылууда.

Быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) болушу шарт. Буга чейин кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келген. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт. ККМ, ЭТТНден тышкары электрондук эсеп-фактуралар (ЭЭФ) да кирген.

Салык кызматы жаңы талаптын максаты ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылуу экенин билдирип, “Көп ишкерлер 1-2 миң сомго патент сатып алып коюп, 30-40 миллион сомго товар сатып, өкмөттү алдап келишкен. Аны биз далилдей албай калган учурлар бар. Эми электрондук-товардык жүгүртүү болгондо ишкерге товар келгенде биздин базага автоматтык түрдө маалымат түшөт. Бардык салык төлөөчүлөр бирдей төлөшү керек” деген комментарий берген.

Салык төлөөнүн жаңы эрежелери майда ишкерлерди убарага салып жатканы Жогорку Кеңеште бир нече жолу айтылган. Депутаттар салык кызматы өзү даяр эмес болгондуктан ишкерлер кыйналып жатышканын белгилешкен. (KS)

XS
SM
MD
LG