Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Грузияда калайман каршылык акцияларда кармалгандар бошотулду


Грузияда калайман каршылык акциялары "Чет элдик агенттер тууралуу" талаш-тартыштуу мыйзам долбоору 8-мартта биринчи окууда кабыл алынгандан кийин башталган.
Грузияда калайман каршылык акциялары "Чет элдик агенттер тууралуу" талаш-тартыштуу мыйзам долбоору 8-мартта биринчи окууда кабыл алынгандан кийин башталган.

Грузиянын Ички иштер министрлиги 9-мартта кечинде эки күндүк калайман каршылык акцияларында кармалган 130дан ашык адам бошотулганын билдирди. Алардын айрымдарынын кармоо мөөнөтү аяктап, кээ бирлерине айып пул чегерилген.

Учурда полиция кызматкерине кол салууга шектелген бир жаран гана кармалып турат жана ал күнөөлүү деп табылса төрт жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Маалыматтарга караганда, тоз-тополоңдо 70ке чукул полиция кызматкери жараат алган.

Грузиянын Тбилиси, Батуми жана Кутаиси шаарларында 9-мартта кечинде дагы каршылык акциялары дагы уланды. Voice of America сайты ага миңдеген адам катышканын, көчөгө чыккандар башкаруучу партиядан "Чет элдик агенттер тууралуу" мыйзам долбоорун биротоло расмий кайтарып алышын талап кылышты. Демонстранттар кайсы бир убакыт өткөндөн кийин бул документти кайра кабыл алууга аракет жасалат деп кооптонуп жатат.

Ушул тушта АКШда иш сапар менен жүргөн Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили талаштуу мыйзам долбоорунун кайтарылып алынганына байланыштуу грузин элин "жеңиши" менен куттуктады. Ал коомчулук Тбилисини Европа Биримдигинен алыстаткан эч кандай мыйзам долбоорун кабыл албоого жол бербесин айтты.

Грузияда 9-мартта башкаруучу "Грузин кыялы" партиясы менен "Элдин күчү" коомдук кыймылы талаш-тартыштуу "Чет элдик агенттер тууралуу" мыйзам долбоорун кайтарып алган. Алардын биргелешкен кайрылуусунда документ карама-каршылык жаратканы белгиленген. Ошондой эле "долбоорду жаманатты кылып, элдин кайсы бир бөлүгүн адашууга алып келген, орусиялык мыйзам долбоору деген жалган ат коюлган" деп белгиленген.

Тбилисиде калайман каршылык акциялары бул мыйзам долбоору 8-мартта биринчи окууда кабыл алынгандан кийин башталган. Демонстранттар парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылган. Полиция аларга каршы жаш агызган газ колдонуп, суу бүркүп тараткан.

Оппозициялык күчтөр бийликти "Орусиянын жолоюна түшүп оюн эркин билдирүү эркиндигин, жарандык активдүүлүктү чектеп жатат" деп айыптаган. Алар долбоор демократияга каршы келерин, Грузиянын Европага кошулуусуна тоскоол болорун эскерткен.

Документте Грузияда сырттан 20% ашуун каржылоо алган кандай гана уюм болбосун "чет элдик агент" деп каттоодон өтүүгө милдеттендирген жобо жазылган. Ал шартты аткарбагандарга чоң айып пул каралган.

XS
SM
MD
LG