Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

УКМК: Бишкекте жер боюнча жемкорлукка шектүүлөр кармалды


Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун архитектура жана жер, курулуш тармагын тейлеген айрым жооптуу кызматкерлери жемкорлукка шектелип кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бүгүн 7-мартта билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Бишкектин Башкы архитектура башкармалыгынын, Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жана Аламүдүн райондук Архитектура башкармалыгынын кызматкерлерине “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо жолу менен муниципалдык менчиктен жерлерди чыгарып, өздөштүрүү боюнча коррупциялык механизм уюштурган” деген негизде кылмыш иши козголду.

Алар жеке кызыкчылыгы үчүн Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү эң баалуу муниципалдык жер тилкелерин жалданма адамдарга каттаган, башкача айтканда, шаардын менчигин басып алышкан деп айыпталууда.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо иши жүрүп жатканы кабарланды.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму 31-январда былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келди. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет. Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)

XS
SM
MD
LG