Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:05

ISW: Орусия украин армиясын Бахмуттан чегинүүгө мажбурлай алган жок


Украин армиясынын өкүлдөрү Бахмуттагы кырдаал оорлошуп баратканын мойнуна алууда.
Украин армиясынын өкүлдөрү Бахмуттагы кырдаал оорлошуп баратканын мойнуна алууда.

Кошмо Штаттарынын Согушту изилдөө институту (ISW) ишембинин кечинде чыгарган маалыматка ылайык, орус аскерлери Украинанын Бахмут шаарынын айрым райондорун алууга артыкчылыктуу позицияларды ээлегени менен украин армиясын чегинүүгө мажбурлай алган жок. Эксперттер жакын арада алар шаарды курчоого ала албайт деп эсептешет.

Институттун талдоочулары Украина аскерлерин Бахмуттун оор кармаштар жүрүп жаткан аймактарынан чыгарып кетүү үчүн шарт түзүп жатышы мүмкүн, бирок командачылык учурда чегинүү чечимин кабыл алды деп айтууга далил жок деп жазышты.

Орусиялык булактар "Вагнер" тобу чабуул коюу даярдыгынан өткөн бөлүктөрүн салгылашка салып жатканын маалымдашты.

Украин армиясынын өкүлдөрү шаардагы кырдаал оорлошуп баратканын моюнуна алууда. Ага чейин дээрлик толук талкаланган Бахмуттун вице-мэри көчө кармаштары жүрүп жатканын, Орусия шаарды көзөмөлгө албаганын билдирген.

Бахмутта учурда төрт миңдей жайкын тургун кала берүүдө, алар жер төлөөлөрдө жашынып жатат жана көп учурда суусуз, жарыксыз күн көрүп көрүүдө.

Украин армиясынын Башкы штабы каршы тарап негизги күч арактеттерин Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Шахтерск багыттарында жумшап жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG