4-мартта Бишкектеги Ала-Тоо аянтынын алдына 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин түзүлгөн коомдук бирикмелердин 40тан ашуун мүчөсү чогулду. Алар Курманбек Бакиевдин акталышына жана 7-апрелдин календардагы статусунун өзгөртүү сунушуна байланыштуу бийликке кайрылды.
Акцияга чыккандар мамлекет башчы Садыр Жапаров менен өкмөт башчы Акылбек Жапаровго жолдогон кайрылуусунда мурдагы президент Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келүүгө же аны актоого каршы экенин билдиришти.
“Кыргыз Республикасынын 7-апрелдеги элдик революциясынын баатырлары” коомдук бирикмесинин төрагасы Сатыбай Шерботоев буларды айтты:
“Келиндер жесир, балдар жетим калды. Бир туугандары жакындарынан ажырады. Азыр алардын жүрөгү ооруп турат. Ошол жараатты кайра козгоонун эмне кереги бар? Азыр сиздин аткаминерлериңизге туура түшүндүрүп, кайра кайрылабыз. Ушул маселени чечип койсоңуз. Биз Бакиевдин келишине караманча каршыбыз. Бакиев жалаң эле атып кеткен жок. Мамлекетти тоноп, балдары чет өлкөлөрдө жүрөт”.
Өткөн айда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үч майрамдык күндөгү дем алышты жоюп, жумуш күнү деп жарыялоону сунуштап, токтом долбоору коомдук талкууга коюлган. Ал тизмеге 7-апрель да кирген.
Акциянын катышуучулары 2010-жылы кандуу окуяда 90дой жаран окко учуп, дагы бир канчасы жараат алганын, ал окуяларды эскерип, эстеп туруу маанилүү экенин белгилешти.
Апрель окуясынын катышуучусу Алиясбек Алымкулов бул күндүн статусу өзгөрбөй, бийликке эскертүү болуп турушу керек деген ойдо.
“Өткөндөрдүн жашоосу кийинкилерге сабак. Бийлик алмашып турат. Бул (ред: - 7-апрель) майрам күнү эмес. Бирөөлөр үчүн аза күтүү, башкаларга кайгы, эскерүү күнү. Эң негизгиси, кайсы гана бийлик келбесин, бул күн аларга эскерүү жана эскертүү болушу керек”.
Ушул эле талаптар менен Талас шаарында да ондой киши акцияга чыгып, өлкө бийлигине кайрылуу жолдошту.
Курманбек Бакиевдин тегерегиндеги талкуу 18-февралда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мурдагы мамлекет башчыларын Дубайда жолугуштургандан кийин башталды. Жолугушууну Бакиевдерди актоо аракети катары баалап, бийликке нааразы болгондор 20-февралда да Талас шаарында нааразылык акциясына чыгышкан.
Мурдагы президенттер Курманбек Бакиев жана Сооронбай Жээнбеков жолугушууга оң баасын берип, Садыр Жапаровдун биримдикке чакыруу аракетин кубаттаган.
Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жолугушууда аягына чейин отурбай чыгып кетүүгө аргасыз болгонун, “өлкөдө тынчтык жана биримдик орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу - эки башка нерсе” экенин Фейсбукка жазган.
Садыр Жапаров талкууга алынган окуя тууралуу берген түшүндүрмөсүндө жолугушуу элди ынтымакка чакыруу, улуттук консолидацияга үндөө максатын көздөгөнүн айткан. Ал "Бакиевге карата сот чечими бар экенин, келсе камакта отурушу керектигин" белгилеген.
“13 жылдан бери биздин Башкы прокуратура “бизге өткөрүп бергиле” деп Беларуска төрт жолу суроо-талап жөнөткөн экен. Төрт жолу тең баш тарткан. Жолугушуу боюнча айтсам, биздин Баш мыйзамыбыз эң жогорку мыйзам. Мыйзамдардын атасы. Баш мыйзамдын 66-беренесинин 2-пунктунда “Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат” деп милдеттендирип турат. Милдетимди аткарып жатам. Ар бир адам Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет”, - деген Жапаров.
Курманбек Бакиев 2010-жылы болгон кандуу окуяда эч кандай күнөөсү жоктугун кайталап келет. Ал муну 27-февралда Дубайдагы жолугушууда да кайталап, "тергөө же сот иштерине катышууга даяр экенин мурда эле бир нече жолу айтканын” билдирген. Бирок Кыргызстанга келүү ниети бар-жогун ачык айткан эмес.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бакиевдер жакын арада Кыргызстанга келбейт деген ойдо. Ал Бакиевдердин мыйзамсыз аракеттерин унуттуруп, аларды актоо иштерине жол берилбеши керек деп эсептейт.
“Мен аларды реабилитациялоого каршымын. Реабилитацияга алардын Кыргызстанга келүүсүнө шарт түзүү эле эмес, өмүр баянында аны жакшы башкаруучу катары көрсөтүү, алардын мүлктөрүн кайтаруу иштери кирет. Менимче, Бакиевдер Кыргызстанга азыр келбейт. Ошого аларды актоо иштерине каршы турушубуз керек”, - деди Бекешев.
Ал эми саясат талдоочу Бакыт Бакетаев Бакиевдердин мыйзамсыз аракеттерин эл унутпай турганын белгилеп, азыркы бийликтин аларды актоо ниети жок экенин айтты. Дубайдагы жолугушууну Садыр Жапаровдун туруктуулук үчүн мурдагы президенттердин "алдынан өтүп койгону" катары баалады.
"Жазында митингдер болуп, "туруктуулукка доо кетет" деген сөздөр айтылып жатты. Азыркы президенттин мурдагы мамлекет башчыларды чогултуп, ынтымакка чакырганы туруктуулукту камсыз кылуу үчүн аракет гана деп ойлойм. Эл албетте Бакиевдердин кылганын унутпайт. Ошон үчүн Садыр Жапаровдун жолугушуу уюштурганын Бакиевдерди актоо аракети катары кароого болбойт".
Бакетаев 7-апрель тарыхта революция күнү катары калып, эстен чыкпашы үчүн календарда кызыл менен белгиленип турганы оң экенин кошумчалады.
2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болуп, миңден ашуун адам жараат алган.
Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.
2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.
Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.