Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Үйү буздурулуп, балдары менен көчөдө калган келин жөнүндө сот маалымат берди


Марал Шаболотова балдары менен бузулган үйүнүн короосунда күн кечирип жаткан.
Марал Шаболотова балдары менен бузулган үйүнүн короосунда күн кечирип жаткан.

Жогорку сот Бишкектеги Ак-Ордо конушундагы үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келинге байланыштуу комментарий берди. Анда соттун бардык инстанцияларында ал келин үйдү мыйзамсыз куруп алганы анык деген чечим чыкканы, сот аткаруучулар 1-мартта үйдү бузуу тууралуу чечимди аткарганы айтылат.

"Азаттык" мунун алдында балдары менен көчөдө калган Марал Шаболотова тууралуу материал даярдаган. Келин үйү турган жерди 2012-жылы ишеним каттын негизинде сатып алганын, бирок 2018-жылы коңшусу Толкун Самудинова кызыл китеби бар экенин айтып, андан үй турган жерди талаша баштаганын билдирген. Чыр 2022-жылдын 1-октябрында Жогорку Сотко жетип, анда Самудинованын пайдасына өкүм чыккан.

Самудинова бузулган үй турган жер ага караштуу экенин айтып, 2013-жылы Сокулуктун Новопавловка айыл өкмөтү ага жерге ээлик кылганын ырастаган чечим чыгарып берген, 2017-жылы колуна кызыл китеп тийгенин билдирген.

Ак-Ордонун айрым тургундары 3-мартта үй түрттүрүлгөн жерге чогулуп, бийлик өкүлдөрүнөн окуяны мыйзамдын негизинде адилеттүү териштирүүнү талап кылышкан.

Министрлер кабинетинин төрасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Урмат Токтожумаев 4-мартта Ак-Ордого барып үйү жок калган келинге өкмөт башчынын жардамы менен жаңы үй салынып берилерин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG