Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:13

Киев Бахмутту орустар курчоого алганын бышыктаган жок


Бахмутту коргоп жаткан украиналык аскерлер. 25-февраль, 2023-жыл.
Бахмутту коргоп жаткан украиналык аскерлер. 25-февраль, 2023-жыл.

Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскер компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Украинанын чыгышындагы Бахмут шаары курчоого алынганын билдирди. Киев Бахмут курчоого алынганын бышыктаган жок.

Азырынча бул маалыматты башка көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн болгон жок.

Reuters агенттиги украин аскерлери кармашты улантып, шаарды колдон чыгарбоого жан үрөп жатканын жазды.

Журналисттер Бахмуттан батыш тарапты көздөй кеткен жол аткыланып, Хромово кыштагындагы көпүрө зыян тартканын кабарлашты.

Украин армиясы 3-мартта таңга маал Бахмутта катуу салгылашуу жүрүп жатканын кабарлаган. Донецк чөлкөмүндөгү бул стратегиялык калаада бир канча жумадан бери кармаш курчуп турат. Киев акыркы суткада шаарда орусиялык күчтөрдүн чабуулдардынын бир нечесинин мизи кайтарылганын билдирген.

Согушка чейин Бахмутта 70 миң адам жашаган.

XS
SM
MD
LG