Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

Румыния Молдова менен чек арага аскер тартууда деген маалыматты четке какты


Румыния, Молдова жана Украинанын чек ара өткөөлдөрү
Румыния, Молдова жана Украинанын чек ара өткөөлдөрү

Румыниянын Коргоо министрлиги Бухарест Молдова менен чек арага аскерлер жана техниканы топтоп жатат деген социалдык тармактардагы билдирүүлөр Кремлдин былтыр февралда Украинаны басып алганда баштаган “жалган маалымат таратуу кампаниясынын” бир бөлүгү экенин билдирди.

«Мындай дүрбөлөң салган маалыматтардын чын-төгүнүн расмий булактардан билип текшерсе болот», - деп жазылган министрликтин 28-февралдагы билдирүүсүндө.

Молдова Еврошаркеттин жана НАТОнун мүчөсү болгон Румыния менен Украинанын ортосунда орун алган. Орусия Молдованын жикчил Приднестровье аймагында миңден ашуун аскерин жайгаштырган.

Орусия Украина Приднестровьеге басып кирүүнү көздөп жатат деген жалган билдирүү таратып, 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялагандай шылтоо издеп жатат деген шектенүүгө жем таштады.

Молдованын батышчыл президенти Майя Санду жана Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский Москва Приднестровьеден украин аймагына кирүү үчүн Молдовада дестабилдештирүүчү иш-аракеттерди пландаштырып жатканын эскертишти.

Твиттердеги Geoinsider деген баракчада 26-февралда румын аскерлери Молдова чек арасын көздөй жылып баратканы тууралуу сүрөт жарыяланган. Сүрөттүн астына "Румыния Молдова менен чек арага учактарга каршы системаларды жайгаштырды. Чек арага румыниялык танктар жана бронетехника да орнотулду" деген жазууну окууга болот.

Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Константин Спану "румыниялык күчтөр жана зениттик системалар эч жакка жылган жок" деп "Азаттыкка" билдирип, бардык дооматтарды четке какты.

Молдованын көп бөлүгү Экинчи дүйнөлүк согушка чейин Румыниянын курамында болгон. Эки кошунанын тарыхы, маданияты жана тили орток.

Бир нече күн мурун АКШ президенти Жо Байден Польшада Санду менен жолукканда Вашингтон “Молдованын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн бекем колдой турганын” кайталады.

XS
SM
MD
LG