Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:28

Пулково аэропорту учактарды кабыл алууну убактылуу токтотту


Пулково аэропорту. Архивдик сүрөт
Пулково аэропорту. Архивдик сүрөт

Петербургдагы Пулково аэропорту шейшембиде учактарды кабыл алууну жана учууларды убактылуу токтотту. Бул тууралуу шаар бийлиги кабарлап, бирок мунун себебин тактаган жок.

Телеграм-каналдар аба мейкиндигинде «белгисиз жабдык» байкалганын жазышты.

Петербургдун аба мейкиндиги жабылганын биринчи болуп маалымдаган Baza Телеграм-каналы чек араны бузуу же белгисиз учуучу аппараттар аныкталган учурдагы план ишке киргизилгенин билдирди. Мындай абалда аскердик жана куткаруучу учактардан башкалары жерге конууга тийиш экенин “112” каналы жазды.

Flightradar24 кызматынын маалыматына караганда, Петербургдун асманында жүргүнчү учактар жок болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG