Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:32

Облустардагы ооруканаларда томография бөлмөлөрү күнү-түнү иштейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Облустарда жаңы орнотулган компьютердик томография бөлмөлөрү күнү-түнү тынымсыз иштейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыл башында Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарындагы борборлоштурулган ооруканаларга компьютердик томографиялар коюлган.

Быйыл магниттик-резонанстык томограф жана эки ангиограф жабдуусун коюу пландалууда. Медициналык жабдуулар Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкынын "Кыргызстанда өзгөчө кырдаалга туруктуулукту арттыруу ERIK-CERC" аттуу долбоорунун алкагында орнотулуп жатат.

"Жаңы алынган жабдуулар ооруларды убагында аныктайт. Томограф жабдуулардын сүрөттөрү борборлоштурулган маалыматтык системага түшүп турат", - деп билдирди министрлик.

Бардык жабдыктар облустардагы борборлоштурулган ооруканаларда жайгашкан, ага бир ирет түшүүнүн баасы 1,5 миң сомдун тегерегинде.

Буга чейин Кыргызстандагы облустарда дартты аныктоочу томографиялык жабдуулар жок болгондуктан, бейтаптар Бишкек жана Ош шаарындагы менчик клиникалардан гана өтүп келген.

Компьютердик томография баш мээ, өпкө, бөйрөк сыяктуу ички органдардагы оор дарттарды аныктоочу негизги аппарат болуп саналат. (BCh)

XS
SM
MD
LG