Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:28

Бишкекте Украинадагы согуш курмандыктарын эскерүүгө чыккан орус жарандарына айып пул салынды


Бишкектеги Эмен багы. 24-февраль, 2023-жыл.
Бишкектеги Эмен багы. 24-февраль, 2023-жыл.

Бишкектеги Эмен багына (Дубовый парк) Украинадагы согушта курман болгондору эскерүү үчүн чыккан төрт орус жаранына 5500 сомдон айып пул салынып, кое берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Жаныш Бараков билдирди.

“Протокол толтурулду. Мигранттар келген учурда каттоодо турган жеринде жашашы керек. Милиция ошол жерде жашабайт деп, Укук бузуулар кодекси боюнча 5500 сом айып салынды. Биз бул айыпка каршы арызданабыз. Алар катталган жеринде жашап жүрүшкөн”, - деди Бараков.

Бараковдун айтымында, аларга Биринчи Май райондук бөлүмүндө протокол толтурулган.

Мунун алдында “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Бишкектеги Эмен багына Украинадагы согушта курман болгондору эскерүү үчүн чыккан жети кишини милиция кармап кеткенин билдирген. Эки кишинин баласы болгондуктан дароо кое берилген. Буга чейин милициядан бул боюнча маалымат даярдалып жатканын кабарлашкан.

Бүгүн, 24-февралда Эмен багындагы скульптор Сенкевичтин “Жер - биздин үй” деген эмгегинин жанында Украинада каза болгондорду эскерүү иш-чаралары өткөрүлөрү айтылган.

Орусиянын Украинага толук масштабдуу аскердик чабуулу 2022-жылдын 24-февралынын таңынан бери уланууда. Орус күчтөрү негизги аскердик жана жарандык инфраструктурага абадан сокку уруп, аэродромдорду, аскер бөлүктөрүн, мунай кампаларын, май куюучу жайларды, чиркөөлөрдү, мектептерди жана ооруканаларды талкалап жатат. Артиллериядан, ракеталык системалардан жана баллистикалык ракеталардан турак жайларды аткылашууда.

Бир катар Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды күчөтүп, Москванын Украинадагы баскынчылыгын кескин айыптап келатат.

Украинадагы согушта курман болгондорду эскерүү иш-чарасы коңшу Казакстанда да өттү.

Орусия Украинага каршы агрессивдүү согуш жүргүзүп жатканын четке кагып, аны “демилитаризациялоо жана денацификация” максатын көздөгөн “атайын операция” деп атайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG