Кыргызстандын Башкы прокуратурасына 2022-жылы чет мамлекеттерде жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарды экстрадициялоо боюнча 252 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу мекеменин эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгынын прокурору Назарбек Кенжеев "Азаттыкка" билдирди.
Анын айтымында, 174 кишинин арызы боюнча Орусиядан материалдар келип, абактагыларды которуу боюнча иштер жүрүүдө.
"Биз Орусиянын соту чыгарган чечимдерди таанууну өтүнүп Кыргызстандын Жогорку сотуна кайрылабыз. Биздин Жогорку сот Орусиянын соту чыгарган чечимди аткарууга алып, Кыргызстандын кодекстери боюнча жаза чектейт. Кыргызстандын жараны которулуп келип кала турган болсо ал бошоп кетпейт, жаза мөөнөтүн өтөйт деп кепилдик берип, ал чечимди Орусиянын Юстиция министрлигине жөнөтөбүз. Министрлик Жазаларды аткаруу кызматына тапшырма берет (ФСН), алар кайра Кыргызстандын жараны отурган түрмө жайгашкан райондук сотко өтүнүч менен кайрылат. Ошентип Кыргызстандын жаранын которуу тууралуу акыркы чечимди жергиликтүү сот кабыл алат. Орусияда мыйзам боюнча маңзатты мыйзамсыз жүгүрткөндүгү үчүн 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Кыргызстанда бул берене боюнча 8 жылдан 12 жыл деп көрсөтүлгөн. Мыйзамда көрсөтүлгөндөн ашыкча жаза белгилегенге болбойт деген дагы берене бар. Ошол айырмачылык үчүн Орусиянын айрым соттору экстрадициядан баш тартып жатышат", - деди Кенжеев.
Жогорку Кеңештин 8-февралдагы жыйынында Орусиянын абактарында жаткан кыргыз жарандарынын Украинадагы согушка жөнөтүлүп жатканын тууралуу маселе көтөрүлгөн. Депутат Жанарбек Акаев Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековго кайрылып, кыргыз сотторунун айынан аларды мекенине кайтаруу кыйын болуп жатканын айткан.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында 2022-жылы 60тан ашуун киши Орусия менен Казакстандын абактарынан Кыргызстанга которулганын айткан.
Ушул тапта Орусиядагы "Вагнер" менчик аскердик компаниясы абактагыларды Украинадагы согушка тартып жатканы кабарланууда. Соңку бир айда орус түрмөлөрүндө отуруп, Украинага тартылган Кыргызстандын төрт жаранынын сөөгү келди.
Кыргызстандык канча атуул мындай окуяга кабылганы белгисиз.
Расмий маалыматка ылайык, учурда орус абактарында миңден ашуун кыргыз жараны отурат жана алардын көбү маңзат менен кармалган. (КЕ)