Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Депутат Майлуу-Суу мэриясынын жоопкерчилигин кароону сунуштады


Майлуу-Суу шаары. Сүрөт ӨКМдин видеосунан алынды. Архив.
Майлуу-Суу шаары. Сүрөт ӨКМдин видеосунан алынды. Архив.

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарынын калкы кыш чилдеде жылуулуксуз калып, бир топ чыгымга учураганы үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин кароону сунуштады.

“Жергиликтүү бийлик кызматкерлери - мэрден баштап, вице-мэр, шаардык суу каналдын жетекчисинин шалаакылыгынан 44 млн. сом чыгым болуптур. Алардын кызмат ордун эмес, укуктук баа бериш керек. Канчалык деңгээлде өз милдетин так аткарышты? Азыр ошол чыгымды мамлекет төлөп берсин деп жатышат”, - деди Сулайманов.

Азырынча Майлуу-Суунун мэрия жетекчилиги депутаттын пикирине жооп бере элек.

13-январда сууктан улам суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук берүү системасы иштебей калганына байланыштуу Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланган. Таза суу сакталуучу резервуардын түтүктөрү тоңуп калып, 12-январда шаарды суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Суунун жоктугунан №1, №3 жана №4 отканалардын иши токтогон.

Майлуу-Суу шаарындагы жергиликтүү калк, беш мектеп, үч бала бакча, үч орто окуу жайы, төрт социалдык объект таза суу жана жылуулуксуз калган.

26 миң калкы бар Майлуу-Суу шаарында 6,5 миңдей кожолук жашайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG