Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:14

Кыргыз милициясы ЕККУдан техникалык жардам алды


ИИМ башчысынын биринчи орун басары А.Бийбосуновдун ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлү А.Рогов менен жолугушуусу.
ИИМ башчысынын биринчи орун басары А.Бийбосуновдун ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлү А.Рогов менен жолугушуусу.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) кыргыз милициясынын ишин жакшыртууга кезектеги техникалык жардамын көрсөттү. 20-февралда Ички иштер министрлигинде (ИИМ) ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолугушуу өттү.

Мекеменин маалыматына караганда, ЕККУ өкүлү милициянын көчмө кабылдамаларынын ишинин сапатын жана ыкчамдуулугун жогорулатуучу заманбап технологиялар менен камсыздоого зарыл техника тапшырды.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов техникалык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, ЕККУ ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири экенин белгиледи. Уюмдун өкүлү мындан ары да кызматташтык бекемделерин айтты.

ЕККУ - дүйнөдөгү коопсуздук жаатында иш алып барган эң ири аймактык уюм. Ага 57 өлкө кирет. Кыргызстан 1992-жылы кошулган. Анын Бишкекте 1998-жылы ачылган борбору ​2017-жылы макамын өзгөртүп, учурда программалык кеңсе катары ишмердик жүргүзүп келе жатат. Бул уюмга мүчө өлкөлөр кезек-кезеги менен төрагалык милдетти аткарышат. (RK)

XS
SM
MD
LG