Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:07

Султанбаев менен Орунбеков талкууга түшкөн жолугушуу жөнүндө билдирүү таратты


Кыргызстандын азыркы жана мурунку президенттери. Коллаж.
Кыргызстандын азыркы жана мурунку президенттери. Коллаж.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев менен президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 20-февралда Фейсбукта удаа билдирүү таратышты. Анда Садыр Жапаровдун жана мурдагы президенттердин жолугушуусу тууралуу сөз болгон.

Султанбаев бардык тараптардын кемчилиги менен жакшы жактары дагы болгонун айтып, социалдык тармактардагы талаш-тартыштарды токтотууга чакырган.

“Президент Жапаров Исхак Раззаковдун убагынан бери келе жаткан – өлкөнүн бардык кийинки жетекчилери жаман нерселердин баарын өзүнөн мурункуларга жабыштырган адатты бузуп салгысы келет. Бул президенттердин жолугушуусунун негизги максаты болгон жана анын мындан башка жашыруун мааниси жок”, - деп жазды Султанбаев.

Ал эми Орунбеков жолугушууда мурдагы президенттерди жоопкерчиликтен бошотуу жана өлкөгө кайтаруу жөнүндө сөз болбогонун билдирди.

“Президент мурдагы эл башчылары менен эмне себептен бир тегерек үстөлгө чогулганын, негизги максатын өзүнүн билдирүүсүндө ачык айтты. Анда мурдагы президенттердин кайсыл бирин мыйзам жоопкерчилигинен бошотуп, аларды өлкөгө кайтарып келүү жөнүндө сөз айтылган жок”, - деди ал.

Орунбеков президенттердин жолугушуусун көпчүлүк кубаттады деп эсептейт.

18-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго чогултканын жарыялаган. Бул иш эл-жердин ынтымагы үчүн жасалганын жана демилгени өлкөнүн мурдагы башчылары да колдогонун белгилеген.

"Азаттыктын" ишенимдүү булактары жолугушуу Дубайда өткөнүн билдиришти.

Социалдык тармактарда азыркы жана мурдагы президенттердин жолугушуусун коомдук ишмер, саясатчылар кызуу талкуулап жатышат. Алардын айрымдары жолугушууну колдосо, кээ бири сындап жатат.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев мурдагы президенттер чогулганы тууралуу алдын ала кабары болбогонун, “өлкөдө тынчтык жана биримдик орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу - эки башка нерсе” деген билдирүү тараткан. Андан кийин Аскар Акаев дагы билдирүү жасап, мурдагы президенттердин жолугушуусун тарыхый окуя катары сыпаттаган, муну мамлекеттүүлүктү бекемдей турган аракет катары мүнөздөгөн.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнү алтынчы президент башкарып жатат. Азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровдон мурда Кыргызстанды Аскар Акаев (1991 - 2005), Курманбек Бакиев (2005- 2010), Роза Отунбаева (2010 - 2011), Алмазбек Атамбаев (2011 - 2017), Сооронбай Жээнбеков (2017-2020) жетектеген. (TSh)

XS
SM
MD
LG