Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Мурдагы президенттердин жолугушуусуна кимдер катышканы белгилүү болду


Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттери. Аскар Акаев , Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева , Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров.
Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттери. Аскар Акаев , Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева , Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров.

Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстандын мурдагы президенттеринин жолугушуусуна кимдер катышканын тактады.

Анын Фейсбук баракчасына жазганына караганда, жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышкан.

"Жолугушуу белгилүү себептерден улам нейтралдуу жерде өттү", - деп жазды Султанбаев.

"Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын айтымында, жолугушуу Дубайда өткөн.

Мунун алдында президент Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго отургузганын Фейсбук баракчасына жазган. Ал бул иш эл-жердин ынтымагы үчүн жасалганын жана бул демилгени өлкөнүн мурдагы башчылары да колдогонун белгилеген.

"Менин да көздөгөн максатым ушул эле. Ой-кыялым - ошол ар бир президенттин аркасында турган тарапташтары, жалпы жети дубан калкыбыз, бир багытка баш коюп, саясатты таштап, бир дем менен улуттун өнүгүүсү, экономикасы деп ой жүгүртүү эле", - деген Жапаров.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнү алтынчы президент башкарып жатат. Азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровдон мурда Кыргызстанды Аскар Акаев (1991 - 2005), Курманбек Бакиев (2005- 2010), Роза Отунбаева (2010 - 2011), Алмазбек Атамбаев (2011 - 2017), Сооронбай Жээнбеков (2017-2020) жетектеген.

14-февралда абактан бошотулган Алмазбек Атамбаев 15-февралда дарылануу үчүн Дубай аркылуу Испанияга учуп кеткен.

Экс-президент Курманбек Бакиев 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин, үй-бүлөсү менен Беларуска чыгып кетип, бүгүнкү күнгө чейин Минскиде баш калкалап келет.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Уюмдун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын башчысы болуп сентябрда дайындаган.

Сооронбай Жээнбеков Бишкекте экени айтылып келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG