Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:35

Хорогдо кар көчкүдө мургабдык кыргыздар да набыт болгону кабарланууда


Хорогдо 15-февралда эртең мененки саат 10дор чамасында кар көчкү жүрүп бир канча үйдү басып калган.
Хорогдо 15-февралда эртең мененки саат 10дор чамасында кар көчкү жүрүп бир канча үйдү басып калган.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарында кар көчкү алдында калгандар арасында мургабдык кыргыздар дагы бар экени белгилүү болду. "Озоди" радиосу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн алган тизмедеги 25 адамдын арасынан кеминде мургабдык алты кишинин аты-жөнү кыргызча жазылганын көрүүгө болот, жетинчи мургабдык тургундун тек-жайы азырынча тактала элек.

Маалыматтарга караганда, кырсыкта жараат алгандар, дайыны чыкпай жаткандар дагы бар.

Буга чейин Тажикстандан Кыргызстанга көчүп келген кыргыздар кар көчкү алдында калгандар арасында этникалык кыргыздар дагы бар экенин билдиришкен.

Хорогдо шаршембиде, 15-февралда эртең мененки саат 10дор чамасында кар көчкү жүрүп бир канча үйдү басып калган. Учурда куткаруу иштери уланууда.

Тажик президенти Эмомали Рахмон апаатта мерт болгондордун жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле, ал кырсыктын кесепетин жоюуга байланыштуу тиешелүү министрлик-мекемелердин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүүнү тапшырды.

XS
SM
MD
LG