Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Кемпир-Абад иши: 11 адам тергөө абагында, экөө үй камагында калды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган Орозайым Нарматова жана Нурлан Асанбек. Биринчи Май райондук соту. 2022-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган Орозайым Нарматова жана Нурлан Асанбек. Биринчи Май райондук соту. 2022-жыл.

Биринчи Май райондук соту 15-февралда Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган Улукбек Маматаевдин, Жеңиш Молдокматовдун жана Чыңгыз Капаровдун бөгөт чараларын өзүнчө карап, үчөөнү тең 20-апрелге чейин камакта калтырды.

Булардан тышкары дагы сегиз адамдын: саясатчылар Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Акыл Айтбаев жана жарандык активисттер Али Шабдан, Илгиз Шаменов, Таалай Мадеминовдун иши каралып, аларды дагы 20-апрелге чейин тергөө абагында калтыруу чечими чыкты.

Учурда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган саясатчы Равшан Жээнбеков саламаттыгы начарлаганына байланыштуу Бишкектеги менчик клиникалардын бирине жатат. Ал дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра тергөө абагына жеткирилери кабарланды.

Ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган Нурлан Асанбековдун жана жарандык активист, экс-депутат Орозайым Нарматованын үй камагы дагы эки айга узартылды.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан жыйырмадан ашуун адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG