Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

Кыргызстанда онкологиялык диагноз коюлган балдар көбөйүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда онкологиялык дартка чалдыккан балдардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Бишкекте балдардын онкологиялык оорусуна байланыштуу жыйында айтылды.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы Кыргызстанда онкологиялык диагноз коюлган балдардын саны 157ге жеткен. 2021-жылы 99, 2020-жылы 139 балада өсмө оорусу аныкталган. Бишкек жана Ош шаарларында жылына 500дөй бала онкологиялык дарт менен ооруканага жатып чыгууда.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Онкологиялык бөлүмүнүн адистеринин айтымында, акыркы эки жылда рак ооруларына чалдыккан балдардын дарылануусуна мамлекеттик бюджеттен 7 млн. сом бөлүнүп жатат. Бирок, ооруга чалдыккан балдарды дарылоого кеминде 35 млн. сом керек.

15-февраль балдардын рак оорулары менен күрөшүү күнү катары белгиленип келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG