Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:41

Молдованын аба мейкиндиги коопсуздуктан улам бир саатка жабылды


Молдованын аба мейкиндиги
Молдованын аба мейкиндиги

14-февралда Молдованын Жарандык авиация башкармалыгы президент Мая Сандунун Орусиянын дестабилдештирүү планы туурасындагы эскертүүсүнөн кийин өлкөнүн аба мейкиндиги бир саатка жабылып, кайра ачылганын билдирди.

13-февралда президент Санду Москва анын мамлекетине каршы чагым даярдап жатканы туурасында украин атайын кызматтарынан маалымат алганын билдирген. Ал "бузукулук аракеттерге" жөнөкөй кийим кийген, аскердик даярдыгы бар диверсанттар Орусия, Беларус, Сербия жана Черногориядан тартыла турганын да маалымдап, коопсуздукка тыкыр көз салууга чакырган.

14-февралда Орусиянын тышкы иштер министрлиги Сандунун билдирүүсүн "негизсиз" деп, четке какты. Тышкы иштер министрлиги, тескерисинче, Киев Москва менен Кишиневдин мамилесине жик салып, Молдованы Орусияга каршы тукуруп жатканын белгилеген.

Сербия менен Черногориянын бийлиги Сандунун кооптонуусун четке кагып, тез арада бул тууралуу маалыматтар менен бөлүшүүнү талап кылды. Алар керек болсо өздөрүнүн атайын кызматтары аркылуу кошумча текшерүү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.

Вашингтондогу Ак үй Кишиневдун мындай билдирүүсүн «терең кабатырлантат» деп сыпаттады. Жогорудагы маалыматты көз карандысыз булактар бышыктабаса дагы АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби "Орусиянын чектен чыкканын агийнелейт, Молдованын саясатын колдойбуз" деди.

XS
SM
MD
LG