Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:20

Брюсселде НАТОнун коргоо министрлери Украинага берилчү жардамды талкуулайт


Украинанын коргоо министри Алексей Резников F-35 чабуул койчу учактын сүрөтүн кармап турат, 14-февраль, 2023-жыл.
Украинанын коргоо министри Алексей Резников F-35 чабуул койчу учактын сүрөтүн кармап турат, 14-февраль, 2023-жыл.

14-февралда орус күчтөрү Украинанын Донецк облусундагы чабуулун улантып жаткан маалда Киевдин НАТОдогу өнөктөштөрү Брюсселде чогулуп, мындан аркы аскердик жардамды көбөйтүүнү талкуулап жатат.

Украин бийлиги орус армиясынын артиллериясы Донецкиде ондогон калктуу конушка, анын ичинде Бахмут шаарына чабуул коюп жатканын билдирди.

Донецк облусунун губернатору Павел Кириленко “Бахмутта душмандын октору же дрондору жетпеген коопсуз бир дагы чарчы метр жер жок” – деди.

Украин күчтөрү өлкөнүн түндүк-чыгышындагы ондогон калк жашаган жерлерде орус күчтөрүн "көптөгөн жоготууга дуушар кылып", мизин кайтарып жатканы шейшембиде кабарланды.

Британ чалгын кызматы 14-февралдагы отчетунда соңку үч күндө орусиялык “Вагнердин” жалданмалары “Донбасстагы Бахмут шаарынын жака-белинде, анын ичинде Красная Гора кыштагында бир аз илгерилгени” белгиленет.

Орус күчтөрү бир нече айдан бери стратегиялык шаарларды ээлеп алуунун аракетинде. Алардын бири Бахмутка дүйшөмбүдө катуу артиллериялык чабуул жасалды. Орустар Бахмутту ээлеп алса Донецк аймагындагы жаңы плацдарм болуп бермекчи.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтонберг украин расмийлерине таянып, Орусия Украинага жапырт чабуул баштаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG