Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

“Менин үйүм” программасы аркылуу 2,5 миң ашык бүлө турак-жайлуу болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Менин үйүм 2021-2026” турак-жай программасын ишке ашыруунун жүрүшүндө 6,2 млрд. сомго 2,5 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди.

Ал Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолуккан учурда ушундай маалымат берген. Төлөгөнованын айтымында, 2022-жылдын аягында компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө 3,8 миллиард сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Азыркы тапта 60 миңдей жаран каттоого арыз таштап, 9500дөй жаран банктарга кезекке турган.

Төрага ипотекалык насыялоодо аймактарга да басым жасоо керектигин айтты.

"Нарын, Талас, Токмок, Кара-Балта өңдүү шаарларда да турак-жай алууга муктаж жарандар арбын. Жер тилкесин алууга кезекке тургандар көп, бирок жер жетишсиз. Андыктан көп кабаттуу, заманбап үйлөрдү куруп жеңилдетилген шартта муктаждарга берүү керек”, – деди Шакиев. Ал үй курууда сапатына көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Былтыр 21-февралдан тартып "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасынын алкагында өнөктөш банктар аркылуу “Жеңилдетилген ипотека” (бюджеттик тармактарда иштегендерге 4%) жана “Арзан ипотека” (бардык категориядагы жарандар 8% менен) багыттары боюнча насыяларды каржылоону жанданткан.

Жарандар ипотекалык насыя алуу үчүн алгач онлайн арыз жазып, аны Мамлекеттик ипотека компаниясынын адистери жактырышы керек. Бул ирет программанын катышуучулары РСК, "Айыл банк" жана "Бакай банк".

Буга чейин Министрлер кабинети Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондундагы каражаттан ипотекалык төлөм үчүн колдонууга уруксат берген. Ага ылайык, учурда ипотекалык насыясы бар жарандар, алардын жубайлары карыздын негизги суммасын же насыя боюнча пайыздарды төлөө үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын пайдалана алат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG