Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:53

Кыргызстандык студенттер үчүн Венгрияда окууга 200 орун берилет


Садыр Жапаров жана Каталин Новак брифингде. Будапешт. 13-февраль, 2023-жыл.
Садыр Жапаров жана Каталин Новак брифингде. Будапешт. 13-февраль, 2023-жыл.

Венгриянын окуу жайларына кыргызстандык студенттер үчүн кошумча 200 орун бериле турган болду. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Венгрияга сапары учурунда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүдө жетишилди. Венгрия "200 Stipendium Hungaricum" программасынын алкагында бөлөт.

"Биз мындан ары да бул багытта кызматташууну бекемдөөгө даярбыз. Ушул күндөрү Будапештте алгачкы жолу кыргыз-венгер ректорлорунун жыйыны өтүп жатат. Бул эки өлкөнүн окуу жайларынын тыгыз кызматташтыгына негиз болуп бере алат деп ишенем", -деди президент.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Венгриянын президенти Каталин Новак менен Евробиримдик, Түрк мамлекеттеринин уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу жөнүндө да сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 12-13-февралда Венгрияга расмий сапар менен барды. Сапар алкагында ал Венгриянын президенти баштаган жетекчилери менен жолугушуп, бир катар документтерге кол коюлганы президенттин сайтында кабарланды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG