Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:21

Депутат түндүк-түштүк кошумча жолунун курулушун иликтөөгө тоскоолдук бар экенин айтты


Түндүк-түштүк автожолу. Архивдик сүрөт.
Түндүк-түштүк автожолу. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештеги "Мекенчил" депутаттык тобунун 10-февралдагы жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2012-2022 жылдары аткарган иши жана 2023-2025 жылдарга карата планы талкууланып жатат. Анда депутат Айбек Осмонов түндүк-түштүк кошумча жолун куруу долбооруна байланыштуу маселе көтөрдү. Ал бул долбоордого коррупцияга байланыштуу дооматтарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү аракети ишке ашпай жатканын айтып, аны аткаминерлер менен байланыштырды. Депутат бирок алардын аттарын атаган жок.

"Биз ал долбоорду Кытайдан карызга чоң суммадагы акча алып баштаганбыз. Ушул күнгө чейин депутаттык комиссия түзүүгө аракет болду, бирок аягына чыккан жок. Анткени анын артында көптөгөн биздин аткаминерлер турат. Депутаттык комиссиянын эмне себептен аягына чыкпай калганын өзүңөр билесиңер",-деди депутат.

Өткөн жылдын аягында парламентте депутат Мейкинбек Абдалиев түндүк-түштүк альтернативдүү жолунуна байланыштуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган. Ал парламенттин буга чейинки чакырылышында дагы мындай демилге көтөрүлгөнүн, бирок ишке ашпай калганын айткан.

Бул жолду куруу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык (анын 46 миллиону грант) насыя алынган. Анын 560 миллиону өздөштүрүлгөнү айтылган.

Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.

Мындан туура бир жыл мурда жолдун Жумгалдын Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы колдонууга берилген. Кара жол Көкөмерен жана Нарын дарыясын жээктеп салынган. 100 чакырым жолдун 87 чакырымы мурда жол түшө элек жерден өткөн. Ушул жылдын башында Көк-Арт ашуусунда кичи кошумча тоннел ачылган.

Быйыл жазында бул жолдо таш кулап, сел жүргөн окуялар катталган жана Жогорку Кеңеште жүрүүгө өтө кооптуу абал жаралганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG