Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

ТИМдин өкүлдөрү Новисибирскидеги жарылуу болгон жерге барды


Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Новосибирск шаарындагы турак үйдөгү жарылуудан каза болгондор арасында кыргызстандыктардын бары-жогу такталып жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, учурда Новосибирскидеги консулдуктун кызматкерлери окуя болгон жерде жүрөт.

“Свобода” радиосу жазгандай, беш кабаттуу үйдөгү газ түтүгүнөн чыккан жарылуудан каза болгондордун саны беш кишиге жетти, арасында эки жашар бала бар.

Андан тышкары ондой адам ар кандай жараат алган. Дагы 11 киши дайынсыз.

Новосибирск облусунун саламаттык сактоо бөлүмү жараат алган эки киши оор абалда реанимацияга жеткирилгенин билдирди.

Жарылуу 9-февралда жергиликтүү убакыт менен саат 8де болгон. Соңку маалыматтарга ылайык, 117 киши катталган турак үйдөгү жарылуудан 30 батир жабыркаган. (TAb)

XS
SM
MD
LG