Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:53

Бишкектин таштанды талаасын иретке келтирүү долбоору талкууланды


Таштанды полигону.
Таштанды полигону.

Бишкектин четиндеги таштанды талаасын иретке келтирүү долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 8-февралда мэр Эмилбек Абдыкадыров бул долбоорду каржылап жаткан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (EBRD) аймактык директору Айтен Рустамова менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда ушул жана башка долбоорлордун ишке ашырылышы талкууланып, “Тараптар биргелешкен долбоорлор боюнча мындан ары да үзүрлүү кызматташууга үмүттөнөрүн билдиришкени” маалымдалды.

Таштанды талаасына бөлүнгөн акча маселесин изилдеген депутаттык комиссия бул көйгөй өлкөнүн Коопсуздук кеңешинде каралышы керек деген бүтүмгө келгени былтыр жыл соңунда билдирген.

EBRD Бишкекке таштанды төгө турган жаңы полигон куруу жана рекультивация иштерине 2012-жылы “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” деп аталган долбоорду каржылоого 22 миллион евро (жарымы насыя, жарымы грант түрүндө) бөлүүгө макул болгон. Бүгүнкү күнгө карата бул акчанын 12 миллиону келген, калган акча бөлүнө элек.

Келген акчага байланыштуу беш кылмыш иши козголгонун 9-декабрда Жогорку Кеңеште борбор калаанын прокурорунун орун басары Рысбек Аманатов билдирген. Анын айтымында, “Беш кылмыш ишинин үчөө боюнча тергөө аяктап, Бишкек мэриясынын алдындагы "Санитардык полигон" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдары кылмыш жообуна тартылып, иштер сотко өткөн. Калган эки иш боюнча келтирилген зыянды толук аныктоо үчүн экспертиза жүрүп жатат”.

Аманатов мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы ар бир иш боюнча өзүнчө эсептелип жатканын, биринде 41,4 миллион сом, биринде 22,3 миллион сом, дагы биринде 1,4 миллион сом деп аныкталганын, калгандары боюнча да эсептөө жүрүп жатканын, орду дээрлик толтурула электигин кошумчалаган. (RK)

XS
SM
MD
LG