Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

ЖКда көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү демилгеси көтөрүлдү


Бишкек шаары, архивдик сүрөт.
Бишкек шаары, архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин 8-февралдагы жыйыны Түркия менен Сирияда миңдеген адамдын өмүрүн алган апаатка байланыштуу бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Анда айрым депутаттар бул мамлекеттерде катуу жер титирөөдө кыйраган имарат, турак жайлардан улам Кыргызстанда кийин курулган көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүүнү сунуштап чыгышты.

Алардын бири Медер Алиев айрыкча Бишкек менен Ош шаарларындагы үйлөргө көңүл бурулушу керектигин айтты.

"Ош менен Бишкекте жамгырдан кийинки козу карындай болуп бир топ кабаттуу үйлөр көп курулду. Уруксат берилген дагы, берилбеген дагы жерге курулду. Алардын сапаты кандай, коопсуздук талаптарына жооп береби? Эгер жер титирөө болсо канча баллга туруштук берет? Ушунун баарын иликтеш үчүн чукул арада өкмөттүн өкүлдөрү эле эмес, адистерден дагы турган топ түзүп ар бир үйдү текшерип, корутунду чыгарып бериши керек".

Дагы бир депутат Марлен Маматалиев үйлөрдүн сапатын текшерүүнү буга чейин түзүлгөн депутаттык комиссияга берүү демилгеси көтөрүлдү.

"Бүгүнкү күндө Түркиядан үйрөнүп келген каркас ыкмасы менен Түштүк магистралда кичи райондорду куруп жатабыз. Мен бир ирээт архитектурадан "технологиясы барбы" деп сурасам "арматураларды эле көбөйтүк койдук" дешкен эле. Ошол арматуралар көбөйгөнүн ким текшерди, долбоорун ким бекитип берди, туура болдубу же жокпу? Биз мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу атайын депутаттык комиссия түзгөнбүз. Алар үйлөр мыйзамдуу, мыйзамсыз курулганын эле караган. Ошол комиссия жаңы курулган үйлөрдүн сейсмологиялык жактан сапатын дагы карап берсин".

Бишкектеги башаламан курулуштар жана шаар курулуш мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн былтыр апрелде 11 депутаттан турган комиссия түзүлгөн.

Соңку жылдары борбор калаада менчик курулуш компанияларынын иши активдешүүдө. Алардын айрымдары көп кабат үйлөрдү уруксаты жок жерлерге куруп жатканы тууралуу маселе коомчулукта талкууланып келет. Баш калаанын деталдык пландоо долбоору (ДПД) боюнча да маселе көтөрүлүп жүрөт.

Адистердин айтымында, Бишкектин 2006-жылы кабыл алынган башкы планы боюнча шаарда бир адамга 25 чарчы метр жашыл аймак туура келиши керек болсо, азыр бул көрсөткүч төрт гана чарчы метрди түзүүдө.

XS
SM
MD
LG