Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:37

Бөлтүрүктүн адвокаты Эсептөө палатасынын отчетуна жооп кайтарды


Тенгиз Бөлтүрүк былтыр сентябрда камалган.
Тенгиз Бөлтүрүк былтыр сентябрда камалган.

Учурда абакта жаткан "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров Эсептөө палатасынын "Кумтөр" тууралуу аудиттик отчетуна жооп кайтарды. Ал Фейсбуктагы баракчасына Бөлтүрүк аталган ишканага сырттан башкаруучу болуп турганда жасаган иши жокко чыгарып, "каралоо" жүрүп жатканын жазды.

"Эсеп палатасынын отчету коомдук аң-сезимди манипуляциялоого, президент Садыр Жапаровго Тенгиз Бөлтүрүктүн күнөөлүү экенин жасалма көрсөтүүгө багытталган. Отчет сабатсыздыкты айгинелейт жана укук коргоо органдарынын материалдык чыгымды аныктоого байланыштуу бардык дооматтарын канааттандырууга жол ачат. Эсеп палатасынын мындай материалдары кандай гана бийлик болбосун аларды өз кызыкчылыгы үчүн, учурдагы кырдаалга жараша жана керектүү жыйынтык алууга пайдаланса болот деген ой калтырат. Тенгиз Бөлтүрүктүн ишин кайсы бир багытта (күйүүчү май, азык-түлүк, тетиктерди сатып алуу) эмес, комплекстүү караш керек. Ишкананын 2021-жылдагы таза кирешеси бардык салыктар төлөнгөндөн кийин 233,2 миллион доллар болгон. Ал эми 2022-жылдын алты айында 152,5 миллион долларды түзгөн. Бөлтүрүктүн аракетинде кылмыштын курамы жок жана бул жагдайды биз кайсы гана сото болбосун далилдей алабыз",-деп жазган Абакиров.

Эсептөө палатасы 3-февралда "Кумтөр" компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин, Бөлтүрүк жетектеп турган учурда корогон каражат, чыгымы тууралуу отчет жарыялаган. Анда "Кумтөр" бул убакыт аралыгында "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингин каржылоого 1,9 миллион доллар короткону аныкталган. Акчанын көбү - 1 млн. 148,3 миң доллар чет элдик адистердин айлыгына кеткен. Жаңы кеңсенин ижарасына 100,5 миң доллар короткон, жергиликтүү адистердин маянасына 407,6 миң доллар, келишимдик негизде иштегендерге 175,8 миң доллар төлөнгөн. Кеңсе эмеректерин алууга, дизайнын иштеп чыгууга 2,3 млн. доллар короткону белгилүү болгон.

Мындан сырткары "Кумтөр" компаниясы улуттук холдингге 32 долбоорду ишке ашырууга каражат бөлгөн. Алардын катарында "Аврора" санаторийин жаңылоо, бөтөлкөгө куюлган суу чыгаруу, Каракол аэропортун жаңылоо, "Каприз" тоо лыжа мейманканасын жаңылоо, беш жылдыздуу жаңы мейманкана куруу, мрамор чыгаруучу завод куруу, Караколдогу ипподромду жаңылоо сыяктуу бир нече долбоор бар.

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" 2022-жылдын августунда текшере баштаган жана жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Тенгиз Бөлтүрүк баштаган айрым кызматкерлер сентябрда камалган.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

XS
SM
MD
LG