Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:26

Жер мунапысы: Опуза кылган кызматкерлер жоопко тартылары эскертилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Үйү уруксатсыз курулуп калган жер тилкесин мыйзамдаштыруу аракетин көрүп жаткан адамдан акча талап кылган кызматкерлер аныкталса, аларга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу билдирүү 2-февралда Министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.

Анда жер мунапысы маселеси өкмөт жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турганы, учурда аймактарда тиешелүү комиссиялар түзүлүп, иштеп жатканы белгиленди:

“Президенттин өлкө аймактарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн коллегиялык жыйындарында жерге мунапыс берүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Жергиликтүү бийлик органдарына бул багыттагы иштерди сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү тапшырмасы берилди. Акча каражатын талап кылуу фактылары боюнча (0312) 625342, 960185, 960186 телефон номерлерине билдирсеңиздер болот”.

Уруксатсыз курулган үйлөрдүн жерин мыйзамдаштырууга багытталган «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам былтыр апрель айында кабыл алынган. Анын максаты жер участокторуна мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо экени белгиленген. Ошол эле жылдын июнь айында Министрлер кабинети жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосун бекиткен.

Жер мунапысы бир жолку гана өнөктүк болору, анын алкагында 29 872 гектар трансформацияланып, ал жерлердеги мыйзамсыз, өз алдынча курулган 142 миң үй жана пайдубал мыйзамдаштырылары, алардын 127 миңден ашыгы үй, 15 миңдейи пайдубал экени айтылган. Жер мунапысын 40 райондо, 20 шаарда уюшулган 60ка жакын комиссия ишке ашырары белгиленген. Өнөктүккө эки жылдык мөөнөт берилген. Өкмөт чоң электр зымдары же газ түтүктөрү өткөн жердин жана көрүстөндүн, санитардык полигондун жанында жайгашкан үй-пайдубалдарга мунапыс берилбей турганын кошумчалаган.

Кыргызстан боюнча миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен. (RK)

XS
SM
MD
LG