Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Лачин коридоруна байланыштуу арыз Гаага сотунда каралууда


Гаагадагы Эл аралык сот Лачин коридорун ачуу боюнча Армениянын Азербайжанга каршы доо арызын карай баштады. Коридор Тоолуу Карабактын этникалык армяндар жашаган аймактарын Армения менен байланыштырган жалгыз жол.

Аны дээрлик эки айдан бери өздөрүн “азербайжандык экоактивисттер” деп атаган адамдар жаап турат.

Иш сотто 30-январда карала баштаганын армяндардын кызыкчылыгын коргогон юрист Егише Киракосянга таянып Reuters агенттиги жазды.

Азербайжан да Арменияга каршы доо арыз менен Гаага сотуна кайрылган. Баку "Ереван ок атышпоо келишиминде тыюу салынган курал-жарактарды Тоолуу Карабакка ташып келүү үчүн Лачин коридорун колдонгон" деген жүйө келтирип жатат. Армения бул айыптоолорду четке каккан. Сот Азербайжандын доо арызын өзүнчө карайт.

Буга чейин Европарламент Азербайжанды тез арада жолду ачууга чакырган резолюция кабыл алган. Азербайжандык депутаттар аны "бир тараптуу жана адилетсиз" деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG