Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:10

Байден Украинага F-16 учактары берилбей турганын билдирди


F-16 учагы
F-16 учагы

АКШнын президенти Жо Байден Вашингтон Киевге F-16 согуштук учактарын бербей турганын билдиргенин AFP агенттиги кабарлады.

Кийинчерээк АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби муну комментарийлеп, Вашингтон Киевге жетиштүү курал-жарак берип жатканын айтты.

26-январда Байдендин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Жон Файнер Вашингтон Киевге F-16 учактарын берүү ыктымалдыгын жокко чыгарбай турганын маалымдаган. Ошол эле күнү Пантагондун өкүлү Сабрина Сингх журналисттерге "F-16 учактарын жеткирүү маселеси күн тартибинен алынбай турганын" ырастаган. Ага чейин АКШ Украинага согуштук учактарды берүү мүмкүн эмес экенин билдирип келген.

Киевге согуштук учактарды берүү маселеси өткөн жумада Украинага батыш өндүрүшүндөгү аскердик техника жеткирүү чечими кабыл алынгандан кийин жигердүү талкуулана баштады. Буга чейин украин аскерлери аларга 180 согуштук учак керек экенин маалымдашкан.

Ал ортодо Украинага өздөрүнүн F-16 учактарын берүүгө даяр экенин Нидерланд менен Польша билдирди.

Германиянын канцлери Олаф Шольц абалдын мындан да курчуп кетишине жол бербөө керектигин белгилеп, Украинага согуштук учактарды бербей турганын жарыялады.

The Telegraph басылмасынын маалыматына караганда, Улуу Британия согуштук учактарды орус аскерлери Украинанын аймагынан чыгып кетсе берет.

Күн мурун Нидерландга барган Франциянын президенти Эммануэл Макрон Украинага батыш өндүрүшүндөгү согуштук учактарды берүү ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес. Ошол эле маалда ал учактардын берилиши абалды курчутпашы зарыл экенин жана алар Орусиянын аймагына соккуларды жасоо үчүн колдонулбашы керектигин кошумчалаган.

Орусия кол салган 2022-жылдын февраль айынан бери Украина өзүнүн согуштук авиациясынын көбүн жоготкону айтылган.

XS
SM
MD
LG