Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

Бишкекте республикалык “Китеп форуму” өтүп жатат


Китеп форуму, 29-январь, 2023. Бишкек.
Китеп форуму, 29-январь, 2023. Бишкек.

Бүгүн, 29-январда Бишкекте алгачкы жолу “Китеп форуму” өтүп жатат.

"Акбарак" коомдук фонду уюштурган форумдун максаты - Кыргызстандын адабий чөйрөсүндө, китеп өндүрүшүндө иштегендерди жана окурмандарды бир платформага чогултуу, басма үйлөр, авторлор, жазуучулар, котормочулар, китеп дүкөндөр жана окурмандар арасындагы байланышты чыңдоого багытталган.

"Китеп форумунда" китеп тармагы, китеп басуу, билим, китеп сатуу, элди китеп окууга тарбиялоо, дүйнөлүк тенденциялар, өлкөдөгү абал талданууда.

Ошондой эле буга чейин жарыяланган “Кыргызстандагы китеп окуу маданияты жөнүндө” социалдык сурамжылоонун жыйынтыгы сунушталат. Кыргызстандыктардын китепке болгон мамилеси боюнча сурамжылоого 5 миңге жакын адам катышкан.

Иш-чарада китеп дүкөндөрдүн, басма үйлөрдүн, жеке авторлордун китеп жарманкеси уюштурулган.

Форум Novotel мейманканасында өтүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG