Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Бишкекте аялдар үчүн рак ооруларына каршы акысыз текшерүү болот


Бишкектеги Улуттук онкологиялык жана гематологиялык борбору.
Бишкектеги Улуттук онкологиялык жана гематологиялык борбору.

Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда 25-январдан 27-январга чейин аялдар үчүн акысыз текшерүү акциясы өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Акцияга 20 жаштан 60 жашка чейинки аялдар катыша алат. Дарыгерлер жатын моюнчасы, эмчек рагына байланыштуу текшерүүлөрдү жүргүзөт.

Аталган медициналык борбор Энергетиктер шаарчасындагы Зеленая көчөсүндөгү 1А үйүндө жайгашкан. Текшерүүлөр түшкү саат 12ден саат 16га чейин уланат.

Кыргызстанда жылына 5,5 миң кишиде онкологиялык оору жаңы аныкталат. Отуз миңге чукул адам мындай дарт менен каттоодо турат. Оорусу жаңы аныкталгандардын жарымы бир жылга жетпей каза болот.

Аялдар арасында жатын моюнчасы менен эмчек рагы кеңири жайылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG