Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:11

Британ премьер-министри коопсуздук курун тагынбаганы үчүн айыпка жыгылды


Риши Сунак.
Риши Сунак.

Британиянын премьер-министри Риши Сунакка 20-январда машинени коопсуздук курун такпай айдаганы үчүн айып пул салынды.

Ал өлкөнүн түндүгүндөгү Ланкашир аймагына иш сапар учурунда кызматтык унаасын айдап жүргөн.

Би-Би-Си “42 жаштагы жаран Ланкаширде коопсуздук курун тагынбай машине айдап кармалды”, - деп жарыялап, кийин анын Риши Сунак экенин тактаган.

Өкмөт бул окуядан кийин коомчулуктан кечирим сурады.

Сунак иш сапар маалында машинени өзү айдап, анын жансакчылары мотоцикл менен коштоп жүргөн. Социалдык тармактарга видео тартылуу үчүн бир нече мүнөткө курун чечип койгон.

Кур такпай машине айдаганы үчүн британиялыктар 100 фунт стерлинг (123 АКШ доллары) өлчөмүндө айып пул төлөйт.

Британияда жогору даражалуу адамдар жүрүм-туруму, коомдук эрежелерди эске алынбаганы үчүн кечирим сурашы алгачкы окуя эмес.

Риши Сунакка чейин премьер-министр болгон Борис Жонсон коронавирус күчөп турган маалда карантин эрежелерин бузуп, резиденцияда отуруш өткөргөнү коомчулуктун сынына кабылган. Жонсон эки эркек кишиге асылганы ачыкка чыккан адамды жогорку кызматка дайындаганы үчүн да кабинет мүчөлөрүнүн сынына кабылган.

Жонсон күнөөсүн моюнуна алып, элден кечирим сураганына карабай 2022-жылы премьер-министрлик кызматынан жана башкаруудагы Консервативдүү партиянын төрагалыгынан кеткен. (BCh)

XS
SM
MD
LG