Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:57

Бишкекте кыргыз-америка кызматташтыгы талкууланды


Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигеринин жолугушуусу. 19-январь, 2022-жыл.
Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигеринин жолугушуусу. 19-январь, 2022-жыл.

19-январда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, тараптар анда кыргыз-америка кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Аймактык коопсуздук, соода-экономикалык кызматташуу, анын ичинде америкалык компанияларды тартуу, Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүү жана USAID аркылуу долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылыкка ээ болгон тармактарда кызматташууну мындан ары да арттырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Ушул эле күнү Бишкекте басма сөз жыйынын өткөргөн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Кошмо Штаттардын кызматташтыгы тууралуу жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын билдирген эле. Ал келишимди кабыл алуунун датасы белгисиз экенин, документтин эки тараптын кызыкчылыктарына жооп бере турган деталдары макулдашылгандан кийин гана кол коюларын тактаган.

Былтыр май айында АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Бишкекке келгенде кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңы келишимди талкуулаганын “Азаттыкка” айтып берип, "Биз келишимди даярдадык жана ага болушунча тез арада кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз” деп айткан.

Ошол эле жылдын октябрь айында “Азаттыкка” курган маегинде АКШнын мамлекеттик катчысынын коомчулук менен байланыш маселелери боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Трюдо АКШ Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG