20-январда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;
Талас жергесинде түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5;
Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4;
Нарын аймагында түнкүсүн -25…-30, күндүз -11…-16;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -32…-37, күндүз -17…-22 градус болот.
20-январда борбор калаа Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15°, күндүз -2…-4° градусту түзөт. (ErN)