Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:42

Депутаттар Майлуу-Суу, суук, кадр маселелерин көтөрүштү


Майлуу-Суу шаары. Сүрөт ӨКМдин видеосунан алынды.
Майлуу-Суу шаары. Сүрөт ӨКМдин видеосунан алынды.

Жогорку Кеңештин 18-январдагы жалпы жыйынында бир топ депутаттар Майлуу-Сууда сууктун айынан токтоп калган отканалардын абалы, анын себеби, аймактардагы куурлардын жарылып жатканы тууралуу маселелерди көтөрүштү.

Эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков мындай учурлар кайталанбашы үчүн мекемелер аралык же депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

"Комиссия түзүп, канча чыгаша болду, канча зыян келди, кимдер күнөөлүү, алдын алса болот беле, бир тыянак чыгарып коюш керек. Мындан ары дагы болбойт деген кепилдик жок. Канчалаган конуштуу айыл-шаарлар бар. Эртең эле сууга, жылуулукка мынча төлөй кал деп келет. Ошону эсептеп чыгып, жеңилдик берсек адилеттүү болот эле", - деди Кадырбеков.

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков кышка даярдыкты сындап, ушул тапта өлкө түштүгүндө сапарда жүргөн өкмөт башчы Акылбек Жапаров Майлуу-Сууга барып, суукта кыйналып жаткан эл менен жолугушу керектигин айтты.

"Бул кандай даярдык? 20 градус суукту эми көрүп жатабызбы? Мамлекетибизде 30 миң калкы бар бүтүндөй шаар бүгүн тоңуп, суусу, жылуулугу жок отурат. Ушундан жыйынтык чыгаралы", - деди ал.

Эл өкүлдөрү көмүрдүн бир килограммы Ошто 12 сомго чыгып, эл сатып ала албай жатканын, жарык, жылуулуктун жоктугун көтөрүштү.

13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сууктан улам суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук берүү системасы иштебей калганына байланыштуу Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланганын кабарлаган.

Мекеменин маалыматына караганда, таза суу сакталуучу резервуардын түтүктөрү тоңуп калып, 12-январда шаарды суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Суунун жоктугунан №1, №3 жана №4 отказандардын иши токтогон.

17-январга карата эки откананын иши калыбына келтирилген.

Кыргызстанда өткөн аптада быйылкы кыш башталгандан бери эң суук күндөр болду. Жалал-Абад облусунда абанын температурасы түнкүсүн 20 градуска чейин суук болууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG