Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:17

Президенттик администрация прокуратуранын беш жетекчисин кызматтан алууну сунуштады


Башкы прокуратуранын имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Башкы прокуратуранын имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин администрациясы Сузак районунда милиция кызматкерлеринин кармалышына байланыштуу прокуратура органынын беш жетекчисин кызматтан алууну сунуш кылды. Бул тууралуу 17-январда президенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматта Сузак районунда милиция кызматкерлеринин кармалышынан кийин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жумушчу топ түзүлүп, текшерүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат.

Анын жыйынтыгында прокуратура органдарынын айрым жетекчилеринин мыйзам талаптарын бузганы, тергөө жана ыкчам издөө иштерине талаптагыдай көзөмөл кылбаганы аныкталган.

Буга байланыштуу баш прокурордун биринчи орун басары Абай Молдокматовду, Жалал-Абад облусунун прокурору Алмаз Киязовду жана анын орун басары Заирбек Тойчубаевди, Сузак районунун прокурору Бакытбек Сыдыгалиев жана орун басары Т. Кенжебаевди кызматтан бошотуу сунушу берилди.

27-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Сузак райондук милициясынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын эки кызматкери кармалганын маалымдаган. Алар оор кылмышты жашырууга шек саналып, Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кармалганы айтылган.

28-декабрда Ички иштер министрлиги Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы алмашканын, Жеңиш Абитов жаңы жетекчи болгонун билдирген. (TAb)

XS
SM
MD
LG