Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:56

Улуттук банк: Валюта рыногунда абал туруктуу, банктарда 650 миллион доллар бар


Улуттук банктын башкы имараты.
Улуттук банктын башкы имараты.

Улуттук банк өлкөнүн валюта рыногунда туруктуу абал сакталууда деп эсептей турганын бүгүн 13-январда билдирди. Мекеме тараткан билдирүүдө "аймактагы тышкы экономикалык олку-солкулуктун терс таасири жана өкүм сүрүп жаткан аныксыздык деңгээли буга чейинки жылдарга салыштырганда ири көлөмдө интервенция жүргүзүүгө себеп болгону" белгиленди.

Соңку интервенция коммерциялык банктар арасында накталай эмес формада жүргүзүлгөнү, бүгүнкү күндө Кыргызстандын банк системасында АКШ долларынын жалпы көлөмү 650 миллион доллар, анын 40% накталай акча экени маалымдалды.

“Көрүлгөн чаралар валюта рыногунда туруктуулукту жана накталай эмес валютаны сунуштоонун туруктуулугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түздү. Бирок тышкы экономикалык олку-солкулуктун жана Орусиянын экономикасына жасалып жаткан санкциялык басымдын фонунда Кыргызстандын валюта рыногунда доллардын айрым тартыштыгы байкалууда”, - деп билдирди Улуттук банк.

Мекеме 13-январда доллардын курсу 84-85 сом, накталай доллар 86-87 сом болуп жатканын кошумчалады.

Улуттук банк 10-январда быйылкы жылдагы алгачкы валюталык интервенцияны ишке ашырып, сатыкка 104 миллион 250 миң доллар чыгарган. Мекеме мындай ири валюталык интервенцияны "жылдын биринчи жана төртүнчү кварталында долларга болгон суроо-талап жыл сайын жогорулап турган сезондук көрүнүш" менен түшүндүргөн.

12-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев доллар буга чейинкиге салыштырганда эң көп өлчөмдө сатыкка чыгарылганына карабастан курсу өзгөрбөй жатканы боюнча маселе көтөрүп, “Рекорддук көлөмдө интервенция жасалды. Бирок, тилекке каршы, курс ошо бойдон өзгөрүүсүз турат. Ишкерлер доллар жок экенин, сатылбай жатканын айтып даттанууда. Эл ошол долларлар каякта деп нааразы болууда. Улуттук банк 85 сомдон сатты, ал эми рынокто доллар 89 сомго чейин чыгып кетти”, - деп айткан.

Өткөн жылы Кыргызстанда улуттук валюта сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн сегиз жолу интервенция жасалган. Сатуунун таза суммасы 295 миллион доллар болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG