Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:03

Орусия былтыр интернетти атайлап өчүргөн өлкөлөрдүн сап башына чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Tpo10VPN.com порталы 2022-жылы интернетти атайлап өчүргөндүн айынан эң көп зыян тарткан 23 өлкөнүн тизмесин жарыялады.

Тизменин сап башында турган Орусияда интернет былтыр 7407 саатка өчүрүлүп, мунун кесепети 113 миллион адамга сезилген. Каржылык зыяны 21,59 миллиард долларга жеткен.

Мындай көрсөткүчкө орусиялык армия Украинага басып киргенден кийин Кремлдин март айында Instagram, Facebook, Twitter баракчаларын ачууга тыюу салганы себеп болгон.

Тизмеде 3-катардагы Казакстанда 2022-жылы интернет 144 саатка өчүрүлүп, зыяндын көлөмү 410,3 миллион долларды түзгөн. Портал бул өлкөдөгү интернетти чектөө былтыр Январь окуялары маалында болгонун жазган.

Өзбекстанда интернет былтыр 5630 саатка өчүрүлүп, анын кесепети 1 млн. 280 миңге жакын адамга сезилген. Өлкө экономикасы 219,7 миллион доллар чыгаша тарткан. Портал буга "бийлик Каракалпакстандагы нааразылык акциялары жана андан улам күчөтүлгөн чаралар тууралуу маалымат кеңири тарап кетпеши үчүн интернетти өчүрүп салган", - деп түшүндүрмө берген.

Андан тышкары Өзбекстанда 2021-жылы Твиттер социалдык тармагын колдонууга кирген чектөө былтыр августта гана алынганы бул көрсөткүчкө себеп болгону белгиленген.

Тажикстан интернетти өчүрүүдөн эң көп зыян тарткан 23 өлкөнүн тизмесинде 19-орунга жайгашкан. Бул өлкөдө 2022-жылы интернет 936 саатка өчүрүлүп, 2,1 миллион зыян келтирилген. Портал тажик өкмөтү былтыр май айында Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунда “антитеррордук операция” өткөргөндө интернетти чектегенин жазган.

Tpo10VPN.com порталы 2020-жылдан бери интернетти атайлап өчүрүүнүн айынан көп зыян тарткан өлкөлөрдүн тизмесин жарыялап келет. Соңку тизмеге Кыргызстан кирген эмес. (TAb)

XS
SM
MD
LG