Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:25

Макеевкада каза болгондордун тизмеси чыга элек


Макеевкадагы соккудан кийин урандыларды тазалоо учуру. 3-январь, 2023-жыл.
Макеевкадагы соккудан кийин урандыларды тазалоо учуру. 3-январь, 2023-жыл.

Самара облусунун аскер комиссары Алексей Вдовин Макеевкадагы ракеталык соккудан каза болгон орусиялык аскерлердин тизмесин жарыялоодон баш тартты.

Ал маалыматтарды чет элдик чалгын кызматтары колдонушу мүмкүн экенин билдирди. Буга чейин Самарадагы мобилизация болгондордун жакындары алардын тирүү же каза болгону тууралуу маалымат берилбей жатканына нааразы болушкан.

Интернетте каза болгондордун тизмесин жарыялоо боюнча петицияга 9-январга чейин 50 миң киши кол койгон.

Алексей Вдовиндин айтымында, каза болгондордун тизмеси купуя маалымат болуп саналат. Аны набыт болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү арыз менен гана ала алат. Ал ошондой эле «бир катар аскер кызматкерлери боюнча» аскер комиссариаттары өздөрү жакындарына кабарлай турганын билдирди.

Украин армиясы 1-январга караган түнү Донецкинин чет жакасындагы Макеевка шаарындагы мобилизацияланган орусиялык жоокерлер жайгашкан казармага HIMARS системасынан сокку урган.

Орусиялык жоокерлер жайгашкан кесиптик-техникалык окуу жайдын имараты толугу менен урап калган. Ал жердеги мобилизация болгондордун көбү Самара облусунан келгендер болгон.

Орусиянын Коргоо министрлиги 89 жоокери каза болгонун билдирсе, украин тарап набыт болгондор 400гө чамалай турганын, 300 киши жараат алганын маалымдады. Жардыруунун күбөлөрү "жүздөгөн" адамдын каза болгонун айтышкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги буга "жооп катары" 8-январда украин жоокерлери жайгашкан Краматорск шаарындагы жатаканага сокку урганын, анда 600 жоокер каза болгонун билдирди.

Украин бийлиги, Краматорскинин мэри Александр Гончаренко ошол күнү орус армиясынын соккусунан бир катар имараттар жабыркаганын кабарлады.

Бирок алардын маалыматында каза болгондор жок экени, Краматорскиде мындай сандагы украин аскерлери жайгашпаганы айтылган. (TAb)

XS
SM
MD
LG