Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Депутат Бекешев онлайн окууну улантуу сунушу менен министрге кайрылды


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев алдыдагы аптада аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу мектептерди убактылуу онлайн окутууга өткөрүүнү сунуштады. Мындай билдирүүнү ал билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакуновго жолдогонун Твиттерге жазды.

"11-январда суук түшөт жана ошол маалда балдар мектепке бара башташат. Бишкектин коомдук транспорту мындай кырдаалга даяр эмес, мектеп жана бала бакчаларчы? Билим берүү министрине Whatsapp аркылуу кайрылып, онлайн окутууну бир канча күнгө узартып турууну сурандым", - деп жазган Бекешев.

Депутаттын билдирүүсү боюнча Билим берүү жана илим министрлиги комментарий бере элек.

Кыргызгидрометеорология агенттиги 9-январдан тарта бир апта бою Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөй турганын, сууктун күчү -20... -38 градуска чейин жетерин эскертип жатат.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Өзбекстанда бардык мектептерде, жогорку окуу жайларда кышкы каникулдун мөөнөтү 17-январга чейин узартылды. Билим берүү министрлиги ошондой эле бала бакчалар 10-18-январь күндөрү мөөнөтсүз тыныгууга чыгарын билдирди. (TAb)

XS
SM
MD
LG