Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:46

Изилдөө: 2100-жылы мөңгүлөрдүн 68% жоголушу мүмкүн


Кыргызстандагы мөңгүлөр. Ысык-Көл облусу.
Кыргызстандагы мөңгүлөр. Ысык-Көл облусу.

Глобалдык климаттык өзгөрүүнүн натыйжасында 2100-жылга карата Жер шарындагы мөңгүлөрдүн 68% жоголушу мүмкүн. Эң начар прогноздо балким 83% эрийт. Бул тууралуу Science журналында жарыяланган гляциологдордун жаңы изилдөөсүндө айтылат.

Окумуштуулар жер бетиндеги 200дөн ашуун мөңгүнү изилдеп чыгышкан. Андан соң компьютердик ыкмаларды колдонуп, абанын температурасы көтөрүлгөн шартта мөңгүлөрдүн жок болуп кетүү ыктымалдыгын аныкташкан.

Азыр болжолдонгон температуранын 2,7° жогорулашында 48,5 триллион тонна муз эрип кетери белгилүү болду. Бул бардык мөңгүлөрдүн 68% түзөт. Натыйжада деңиз деңгээли 11,5 сантиметрге көтөрүлүп, дүйнө жүзүндөгү он миллиондон ашык адам суу ташкынын коркунучуна кабылышы мүмкүн.

Мөңгүлөрдүн жапырт эриши Аляскадан Альп тоолоруна чейин тарыхый жерлерди жок кылышы ыктымал. Абадагы уулуу газдын көлөмү көбөйүп, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн ар онунчу түрү жоголушу болжолдонууда.

Борбор Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына таянсак, соңку 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% чейин азайган.

XS
SM
MD
LG