Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Лула да Силва үчүнчү жолу Бразилиянын президенти болду


Лула да Силва.
Лула да Силва.

77 жаштагы солчул саясатчы Лула да Силва үчүнчү жолу Бразилиянын президенти болду. Анын инаугурациясы 1-январда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта өттү. Буга полициянын мурунку президенттин жактоочуларынын зомбулук аракеттеринен чочулаганы себеп болду.

Лула 2022-жылы октябрда шайлоонун экинчи айлампасында 50,9% добуш алып, өлкөнүн мурунку президенти Жаира Болсонаруну жеңип чыккан. Добуштардын үчтөн экиси иштелип чыкканга чейин Болсонару алдыда келе жаткан. Кийин анын атаандашы жакыр аймактардын жана такай солчул талапкерлерге добуш берген чакан шаарлардын жыйынтыгы менен шайлоону жеңди.

Болсонару шайлоонун жыйынтыгын тааный элек. Ал 30-декабрда Флоридага чыгып кетти. Анын тарапташтары эки айдан бери нааразылык акцияларына чыгып, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып келишет.

Рождество майрамынын алдында Болсонарунун тарапкери экени айтылган жаран жардыргыч затты даярдап, борбор калаага алып кирүүгө аракет кылганы үчүн кармалганын "Америка добушу" басылмасы жазды. Жекшембиде полиция ант берүү аземине фейерверк жана бычак менен кирүүгө аракет кылган жаранды кармады.

Да Силва Бразилия менен кошо Орусия, Кытай, Индия жана Түштүк Африка Республикасы кирген БРИКС эл аралык экономикалык уюмунун демилгечилеринин бири.

Орусиянын Федерация кеңешинин башчысы Валентина Матвиенко Бразилиядагы инаугурациядан кийин Лула да Силвага "Путиндин жеке билдирүүсүн" бергенин, Москва бразилиялык саясатчыны күтүп жатканын айтты. Бразилия бул боюнча комментарий берген жок.

Да Силва май айында Time журналына берген интервьюсунда, Украинадагы согушта Орусиянын президенти Владимир Путинди жалгыз күнөөлүү адам деп эсептебей турганын билдирген. Анын пикири боюнча согуш үчүн АКШ, Евробиримдин жана Киев дагы жоопкер.

Лула да Силва 2003-2010-жылдар аралыгында эки мөөнөт катарынан президент болуп шайланган. 2017-жылы сот аны "2003-2010-жылдары өлкөнү башкарып турганда коррупцияга аралашкан жана арам акчаны адалдаган" деп айыптап, тогуз жарым жылга эркинен ажыраткан. Лула 2019-жылы ноябрда абактан бошотулуп, кийин акталган.

XS
SM
MD
LG