Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:09

Украинанын бардык аймагында абадан эскертүү жарыяланды


Украинада 9 миллиондой адам жарыксыз калды. Киев.
Украинада 9 миллиондой адам жарыксыз калды. Киев.

29-декабрда эртең менен Украинанын бардык аймагында абадан эскертүү жарыяланды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн "Түштүк" ыкчам командачылыгы Орусия Кара деңизден 20 калибрдеги ракеталарды учурууга даярданып жатканын билдирди. Андан тышкары, Ту-95 бомбалоочу учактары да сокку урушу мүмкүндүгү тууралуу эскертилгенин "Украинская правда" жазды. Армия тургундарды баш калкалоочу жайларда болууга үндөдү.

Украин президентинин кеңсесинин кеңешчилери Михаил Подоляк менен Алексей Арестович социалдык түйүндөрдө Орусия бейшембиде эртең менен Украинага 100-120 ракета атканын жазышты.

Киевде жана ага жакын аймактарда жарылуулардын үнү угулганын РБК-Украина күбөлөргө таянып маалымдады. Шаардагы ракеталардын бири атып түшүрүлгөн. Киевдин Дарницкий районунда эки киши жарадар болду. Одессада 20дан ашуун ракета атып түшүрүлдү. Львоводо коомдук транспорт каттамы токтотулду, шаар боюнча электр энергиясы өчтү.

Бир күн мурун Херсондун бийлиги дүрмөттөрдүн бири төрөт үйүнө тийгенин маалымдаган.

Ал арада украин президенти Владимир Зеленский парламентте сүйлөп, Киев өз аймактарын кайтарарын, өз күрөшү менен Украина эркин дүйнөнү күчтөндүрүп жатканын билдирди. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кошуна өлкөнүн төрт региону Орусиянын жери деп таанылмайынча жаңжал тынч жол менен чечилбей турганын айтты.

XS
SM
MD
LG