Кыргызстандын коммерциялык банктары быйыл буга чейин болуп көрбөгөндөй киреше тапканын, бирок ал киреше кардарлардын чөнтөгүнө ашкере кирүү жолу менен алынганын, мунун айынын жергиликтүү ишкерлердин кирешеси азайып, баалар кымбаттаганын Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн 29-декабрда «Банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» токтомунун долбоорун талкуулап жатканда айтышты.
Депутат Дастан Бекешев болуп көрбөгөндөй киреше кардарлардын валютасын алмаштыруу, акча которуулардан комиссия кармап калуу сыяктуу кызматтар үчүн болгонун айтты:
“Бул жерде керектөөчүлөрдүн укугу тууралуу маселени караш керек. Улуттук банк муну нормалдуу бизнес деп эсептеп жатат. Бул таптакыр нормалдуу эмес бизнес. Алар кирешесин бөлүштүрүп жибере электе тез арада салык киргизип, эч болбогондо ошол артыкча пайданын 30-40% алуу керек”.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов бул боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:
“Салык салуу маселеси Улуттук банктын компетенциясына кирбейт. Бирок биз уставдык капиталды 1-2 миллиард сомго чейин көбөйтүү талабын коюп жатабыз. Азыр ошол тууралуу сунушубуз коомдук талкууда. Баткенде жабыркагандарга жардам берүү, артыкча пайданын эсебинен пайыздарды төмөндөтүү маселелерин көтөрүп жатабыз. Артыкча пайда канчалык көп болсо, бюджетке ошончо көп салык которулат”.
Депутат Дастан Бекешев 2019-жылы банктар 2,1 миллиард сом киреше табышканын, 2020-жылы 2,6 миллиард сом, 2021-жылы 3,5 миллиард сом, ал эми быйыл 10 айда 19,7 миллиард сом болгонун билдирди.
«Банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» токтомун иштеп чыккан депутат Дастанбек Жумабеков чет жактан Кыргызстанга банк аркылуу которгон акчасынын суммасы натыйжада 5 миң долларга чейин кемип калып жаткан кардарлар бар экенин айтты.
Кыргызстанда коммерциялык 23 банк бар. Алардын үчөө - "РСК Банк", "Айыл Банк" жана "Керемет Банк" мамлекетке караштуу. (RK)